Москвадагы "Бодрость" мончосундагы кармоолор боюнча иш козголду
Москвадагы Бодрост мончосундагы кармоолор боюнча иш козголду
Орусияда кыргызстандыктар сабалган "Бодрость" мончосунун башкаруучусуна жана эки адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын ИИМнин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Телеграм-каналы аркылуу билдирди.
"Мыйзамга жат иш шаардын полициясы жана ФСБнын жана Улуттук Гвардиянын бөлүмдөрү менен биргеликте табылды. Үч шектүү Москванын Тимириязев районундагы четтен келген такси айдоочуларга кызмат көргөзгөн уюмдун ишине колдоо көрсөткөн. Рейд учурунда полиция өндүрүштүн ичинде тиешелүү документи жок иштеген жана жашаган чет элдиктерди кармап, алар өлкөдө жүрүү эрежесин бузганы аныкталды. Полиция мигранттарга карата Орусия Федерациясынын Административдик мыйзам бузуу кодексинин 18.8-беренеси менен акт түзгөн. Ага ылайык айып пул салуу жана өлкөдөн чыгаруу каралган. Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси менен эки адам камакка, мончону иштеткен аял үй камагына алынды", - деп жазылган маалыматта.