Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясы болот.

Президент иш сапардын алкагында Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан "Жогорку деңгээлдеги диалог: тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу" деген аталыштагы иш-чарада президенттер талкууга катышат.

Делегациянын курамы:

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;

жаратылыш ресурстары, экология министри Медер Машиев;

президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова.

Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

10:25, 12-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар