Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит кармалды

Кыргызстандын президентинин жээнинин күйөө баласы баңгизат сатууга шектелип кармалды

Президент Садыр Жапаровдун болочок күйөө баласы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Kaktus.Media редакциясына бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Азырынча расмий тастыктала элек маалымат боюнча, 5 - июлда милиция кызматкерлери маңзат тараткан жана жасаган деген шек менен Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын болочок жолдошу Афтандил Сабырбековду кармаган.

Шектүү Афтандил Сабырбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө ишин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзөт.

9-июль күнү Биринчи май райондук соту шектүүнү камакка алууга санкция бергени кабарланды. Ошондой эле бул иш боюнча бир нече адам шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 24 - июнь күнү кечинде президент Садыр Жапаровдун карындашы -23 жаштагы Лазат Нуркожаеванын колун жигити Афтандил Сабырбеков тик учак менен келип сураган.

Видео жана сүрөттөрдү кыз өзү социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, колдонуучулар окуянын ашкере шаан-шөкөтүнө жана ысырапкорчулукка нааразы болушкан. Окуя боюнча президент да комментарий берип, карындашы үчүн элден кечирим сураган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы акыркы окуя маалымат бере элек.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар