Бир күндө өлкө боюнча 184 түгөй никесин расмий каттады

Кечээ,  “24.01.24”  датасында өлкө боюнча 184 түгөй никесин расмий каттады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаада 41 түгөй, Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 үй-бүлө баш кошту, калгандары аймактарда катталды.

Министрликтин маалыматында, 2023-жылы расмий катталган никенин саны 1 миң 430га көп болуп,  44 миң 776 үй-бүлө куралган.

Январь айында 2 миң 838 түгөй никеге турду.

14:28, 25-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар