МИК: Ипотекалык батирлерди эч ким ижарага бере албайт

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан алынган үйлөрдү ижарага берүү боюнча түшүндүрмө берилди

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын билдирүүсүн текстин өзгөртүүсүз беребиз:

Биздин компания батирлерди ипотека аркылуу берүүдө негизги принциптерди карманат, жана аларды жалаң гана өз үй-жайы жок жарандарга гана сунуштайбыз. Мындан тышкары, биздин программада батирлерди берүүдө үлүштүк салым менен катышуу механизми колдонулат, анда батирдин наркынын 50% төлөгөн адамдарга берилет.

Биз батирлерди ижарага берүүгө же сатууга тыюу салган нормаларды киргиздик. Ипотекалык батирдин толук акысын төлөгөндөн кийин сатабы же ижарага береби үй ээсинин өз эрки болот.

Учурда биздин компания тарабынан берилген батирлер боюнча көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Анын ичинде, айрым жарандар тарабынан үйлөрдү ижарага берүү аракеттери байкалганын жазышкан.

Учурда, бизге тиешелүү мамлекеттик ипотекалык үйлөрдө жашоо үчүн берилген батирлердин ачкычтары гана берилген, бирок банктын жана биздин компаниянын расмий документтери аркылуу бул үйлөрдү толук кандуу колдонуу боюнча дагы бир нече этаптар бар.

Биздин тараптан толук расмий макулдашуулар жана банктын бардык зарыл жол-жоболору аяктаганга чейин, бул батирлерди ижарага берүү мыйзамсыз жана бул биздин иш эрежелерибизге карама-каршы келет.

Ипотекалык батирлерди эч ким ижарага бере алышпайт.

Биз бул багытта активдүү иш жүргүзүп жатабыз жана жакынкы убакытта бардык суроолор боюнча так эрежелерди ишке киргизебиз.

Урматтоо менен,

Мамлекеттик ипотекалык компания.

18:23, 21-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар