Эмдөө албаган балдар мектеп жана бала бакчаларга кабыл алынбайт

Мындан ары эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектеп жана бала бакчаларга кабыл алынбайт. Бул тууралуу Санэпидем көзөмөл борборуна караштуу иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында өткөн жылы балдардын арасында кызамык жайылгандыктан, айрым мектептер, бала бакчалар жабылган учурлар катталган.

Мындан улам, Саламаттык сактоо министрлиги менен Санэпидем көзөмөл борбору санитардык буйрук чыгарды, ага ылайык, эмделбеген балдар мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алынбайт деп айтылат маалыматта.

10:50, 26-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар