Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты
Париж Олимпиадасында бүгүн, 9-августа кыз-келиндер күрөшүнөн беттештер башталып, кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты. Ал 1\8 финалда нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты.
Эми Тыныбекова чейрек финалда АКШ балбаны Кайла Миракл менен беттешет.
Нигериялык Эстер Колаволе 22 жашта. Африка оюндарынын чемпиону.
Париж Олимпиадасына фавориттердин катарында барган Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдын башынан ушул күнгө чейин сегиз эл аралык мелдешке катышып, алты алтын, бир коло байге утту. Учурда ал Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат.