Баткен шаарында мыйзамсыз алынган жер тилкеси кайтарылды

Баткен шаарында мыйзамсыз алынган жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Баткен шаарында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2 га аянттагы жайыт жер тилкесин трансформациялоосуз жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 2007-жылы Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкү даректеги: Баткен шаары, Чет-Булак кварталы, Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жайыт жерлерди трансформациялоосуз жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында менчик ээси Б.С., көрсөтүлгөн жалпы аянты 2 га жер тилкесин Баткен шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылууда.

12:32, 28-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар