Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, учурда жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат.

 
"Жасалма автотыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин жолдун 81-чакырымында оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", — деп жазылат билдирүүдө.

Ишкана айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, чынжырларды жана күрөк ала жүрүүнү эскерткен.

 
12:04, 09-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар