Бишкекте №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет
Бишкекте №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Бул туралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, автобус жаңы ачылган «Бишкек»автобекетине чейин барат. Белгилей кетсек, автобекет 5 гектарга аянтка, айланма жол менен Алмата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашты.
Ал “Бишкек автобекети” МИси (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши) Чоң-Арык айылына чейин жүрүп, Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.