УКМК Ташиевдин атын жамынган блогерлерге алданбоого үндөдү

 УКМК Ташиевдин атын жамынган блогерлерге алданбоого үндөдү.

УКМК кызматы Камчыбек Ташиевдин атын жамынган «айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттер» жарандардын маселесин чечүүнү убадалап, материалдык сый акы талап кылып жатканын билдирди.

«УКМК төрагасы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында УКМКнын кабылдамасына берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле Мамлекеттик комитеттин электрондук почтасын  "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзам ченемдерине ылайык карай тургандыгын баса белгилейт»,

 – деп билдиришти атайын кызматтан.

12:30, 17-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар