2024-жыл: 1 млн 34 миң  айдоочу жол эрежелерин бузган. 13 миң 496 айдоочу мас абалда кармалды

Жол Кыймылынын Коопсуздугун Камсыздоо Кызматынын Башкы Башкармалыгы 2024-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында    Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы.

ЖКККББгы тарабынан 2024-жыл ичи  жалпысынан 1млн. 034миң  196 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкарган 13 миң 496 айдоочу;

-Ылдамдыкты ашырып айдаган 187 миң 726 айдоочу;

-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3 487 айдоочу;

-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 миң 590 айдоочу;

-Автоээнбаштык кылган 563 айдоочу;

-Жол белгилерине баш ийбеген 428 миң 041 айдоочу;

-Коопсуздук курун тагынбаган 127 миң 311 айдоочу;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 104  миң 476 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул эреже бузган айдоочуларга тийиштүү айып пулдар салынып, мамлекеттик бюджетке 650млн. 089миң 050 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 85 346 220 сомго көп өндүрүлгөн.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди. Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулду.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.

10:18, 16-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар