"Сөзүнө турат". Трамп Путинге ишенерин айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен мурдатан тааныштыгын жана анын Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча алдыда түзүлчү келишимди бузбайт деп ишенерин айтты. Мындай пикирин ал Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп жатканда билдиргенин маалымат каражаттары.

"Аны көп жылдан бери билем... Айткан сөзүнө турат деп ишенем", — деген Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуудагы болочоктогу келишим жана РФ президенти менен мамиле куруу боюнча тажрыйбасы тууралуу суроого жооп берип жатканда.

АКШ президенти тараптар бир пикирге келишсе эле документте белгиленгендер аткарыла баштайт деген ишенимин билдирген.

Трамп макулдашуу маселесинде ишенгениң өзүнчө кеп, бирок бышыктап алуу керек деген принципти карманарын айткан. Мындан сырткары, Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Вашингтон менен сүйлөшүү процессиндеги Россиянын аракетин оң баалай турганын белгилеген.

"Чоң жылыш болду деп ойлойм. Москва абдан жакшы аракет жасады, Россия менен сүйлөшүүлөр да мыкты болду. Өзүңөр билгендей, Украина менен да сүйлөшүү жаман болгон эмес", — деген Трамп.

Эске салсак, 2025-жылдын 18-февралында Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөн. Анын жыйынтыгында тараптар кызматташууну жаңы тепкичке чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүү, элчиликтердеги чектөөлөрдү жоюу жана Украинадагы абалды жөнгө салуу процессин баштоо боюнча келишим түзүшкөн. Россия президенти Владимир Путин бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болгонун белгилеп, ага жогорку баасын берген.

 

 

10:58, 28-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар