Торугартта катуу шамал жүк ташуучу унаалардын чиркегичтерин оодарып салган. (Видео)
Ат-Башыда катуу шамал жүк ташуучу унаалардын чиркегичтерин оодарып салган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 500-544-чакырымдар аралыгында жол жакшы көрүнбөй, катуу бороон болгон.
Эске салсак, Кыргызгидромет кызматы 24-26-март аралыгында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөөрүн, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетээрин эскерткен.