Кыргызстанга 2025-жылдагы ажылыкка 6000 квота бөлүндү

Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтият билдирди.

Учурда ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, даярдык иштери жүрүп жатканы айтылды.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык — мусулмандардын беш парызынын бири. Ал бир жылда бир гана жолу жасалчу аткарылат.

 

11:10, 25-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар