Ош: сел агызып кеткен аялды издөө улантылууда
16-июлда Ошто селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон 39 жаштагы аялды издөөгө 143 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Куткаруучулар Ош шаарынын борбордук базарынан тарта Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүүдө.
Буга чейин сел агызып кеткен жалпы 5 адамдын төртөөнүн сөөгү табылган.
14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган.
Мындан тышкары, Кара-Суу районунун аймагында 7,5 миң абоненттин жарыгы үзгүлтүккө учураган.