Бишкектен Сочиге авиакаттамдар жанданат

Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматта россиялык “Урал аба жолдору” компаниясы 25-майдан тарта Бишкек — Сочи — Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарын жандантары жазылган. Рейстер жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылат.

“Манас” аэропорту буга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Регион ТВ
10:11, 19-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар