Туризм фонду тарабынан Нарын облусуна туристтик жол белгилери орнотулду (сүрөт)
Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду. Аларды Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду маалыматтык навигация долбоорунун алкагында орнотууда. Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы белгилер Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Каратал-Жапырык коругуна, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу жерлерге чейинки аралыкты көрсөтүп турат.
Бул долбоор боюнча Нарын облусуна жалпысынан 16 белги орнотулду. Келечекте алар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.