Бишкектин башкы архитектору УКМКнын тергөө абагына камалды
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Биринчи май райондук соту билдиргендей, Карыбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.
Мэрия Карыбаев октябрдан баштап эмгек өргүүгө кеткенин кабарлады. Ал бул мекемени 2022-жылдан бери башкарып келе жатат.