Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шафран гүлүн өстүрүүнү сунуштады
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандарга шафран гүлүн өстүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Аткаминер К.И. Скрябин атындагы Улуттук илимдер академиясынын коллекциялык питомнигиндеги өстүрүлүп жаткан гүл менен тааныштырды.
“Урматтуу фермерлер, шафран өстүрүү боюнча программанын долбоору даярдалып жатат. Бул өсүмдүккө көпчүлүк кызыктар болоруна ишенем. Бул кирешелүү тармак. Шафрандын пиязчыларын жана энелик формасын чогултуп сатышат экен. Аны сиздерге кийин эсептеп берем. Менин баамымда бул кулпунай, ферулла сыяктуу эле кирешелүү өсүмдүк”, — дейт министр.