Жашы жете элек кыздарды сокуйлукка мажбурлашкан. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте жашы жете элек кыздарды кыйнап, коркутуп, сойкулукка мажбурлаган деп эки аял кармалды. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.

24-сентябрда милицияга Абдымомунов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар жашы жете элек кыздарды кыйнап, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Сойкулукка тартуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында 19 жаштагы А.А. жана 29 жаштагы Х.Ж. кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш ишин тергөө уланууда.

13:08, 03-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар