Баткенде 18 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр мушташып, бири көкүрөккө бычак жеген

Баткенде 18 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр мушташып, бири көкүрөккө бычак жеген. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 8-февралда болжол менен таңкы саат 7:30да болгон. Жаракат алган 17 жаштагы бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы айтылды.

Милиция "Денеге атайын залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

10:10, 14-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар