Чүйдө 7-класстагы кыздын колу-буту скочтолуп, шымы чечилген абалда көчөдө табылган
Бул тууралуу 24.kg маалымат порталына өздүк булактары билдирген. Маалыматка ылайык, окуя 24-октябрда болгон. Окуучу кыз көчөдө эс-учун жоготуп жаткан аны улгайган жубайлар көрүп калышкан.
“Кыздын буту жана колдору скотч менен оролгон, оозунда чүпүрөк болгон. Шымы менен ич кийими шыпырылган. Өспүрүм кыздын колун чечип, оозунан чүпүрөктү алганда, ал өзүнө келген”, - деп айтылат маалыматта.
Окуяга күбө болгондор милиция кызматкерлерин жана кыздын туугандарын чакырышкан. Мектеп окуучусу бакма үй-бүлөдө тарбияланып жатканы белгилүү болду. Андан сырткары дагы эки багып алган бала бар.
Милиция бул окуяны тактап, каттоого алынганын билдирди. Бирок кылмыш иши козголгон эмес. Экспертиза дайындалып, кыз менен суроо-жооп болгону айтылат.