Байтиктен  баштап Кашка-Сууга чейин велосипед тепкендерге атайын жол курулат

Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорго узундугу 14 чакырымдан ашык веложол курулат. Ал Байтик айылынын аркасынан баштап, курулушун КР Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан жүргүзүлүп жаткан Байтик тоо курортуна чейин барат.

Велосипед жолу салына турган азыркы жол алты километрге созулат. Анын ичинен 350 метри кайра курулат. Ала-Арча дарыясына эки көпүрө курулат, анын бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерде курулат. Аларда велосипедчилер үчүн жол да бар.

Долбоорго унаа токтотуучу жайлар жана велосипед токтотуучу жайлар кирет. Аны Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун заказы боюнча «Кыргыздортранспроект» долбоорлоо институту иштеп чыккан. Долбоор буга чейин бекитилген, курулуш иштери ушул жылдын жазында башталат.

15:42, 19-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар