Даниел Ажиев вебкам бизнесин токтотконун жарыялады

Вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиев соттук отурумда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, буга чейин алектенип жүргөн вебкам ишин токтоконун айтты.

Атайын кызмат Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттарда) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Ал өткөн жылы 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракетенген жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Ажиев жана анын адвокаттары комментарий бере элек. Ал ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

15:48, 11-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар