Туристтик мезгилде эреже бузган айдоочулар дрондор менен аныкталат
Быйылкы туристтик сезондо жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларды дрондордун жардамы менен аныктоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, былтыр пилоттук долбоор катары жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо максатында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда, сырткы айланма жолдо, Ош-Бишкек унаа жолдо, капчыгайлардын ичинде атайын эксперимент катары дрондор учурулган.
“Былтыр жүргүзүлгөн сыноодо жарым сааттын ичинде жол эрежесин одоно бузган, каршы тилкелерге чыккан, катуу ылдамдык менен айдаган 30дай эреже бузган учур аныкталган. Быйыл да ошол экспериментти колдонобуз. Туристтик мезгил учурунда ЖКККББ тарабынан эреже бузган айдоочуларды дрондун жардамы менен аныктоо иштери жүргүзүлөт. Дрондорду негизинен Ош-Бишкек, Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунда, сырткы айланма жолдо учуруп жол эрежесин бузган айдоочулардын жоопкерчилигин аныктайбыз”,- деди Байказы Айтикул уулу.