Кыргыз футбол курамасы FIFA рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде кайрадан алдыңкы жүздүккө кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Эске салсак, команда Азия кубогундагы жеңилүүлөрдөн кийин 104-орунга (февралда) түшкөн. Андан кийин улуттук курам 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тайбэй командасын эки жолу жеңген.

4-апрелде FIFA уюмунун расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. Ага ылайык, "Ак шумкарлар" төрт позицияга көтөрүлүп, 1213,6 упай менен 100-орунду ээледи.

Азия футбол конфедерациясынын аймагында да төрт тепкич жылып, команда 17-орунда турат.

10:03, 05-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар