“Мега” уюлдук компаниясынын мамлекеттик үлүшү 14,8 миллиард сомго сатылган
“Альфа Телеком” ЖАКтын мамлекеттик үлүшү 14, 8 млрд сомго сатылды. Мындай маалымат электорндук соода платформасында жарыяланды.
Маалым болгондой, аукциондо эки катышуучу болгон. Ишкананын баштапкы баасы 14,6 млрд сомду түзгөн. Ал минималдуу аукциондук өсүш менен 200 миллион сомго сатылды.
Ал эми мекемеден кабарлангандай, аукционго кимдер катышканы жана акциялардын мамлекеттик пакетин ким сатып алганы болжол менен бир сааттан кийин белгилүү болот.