Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан кийин жумушка чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан кийин жумушка чыгышты

Жогорку Кеңеште жаңы беш депутат ант беришти.  Июнь айынын аягында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо өз округдарынан жеңишке жетишкен N36 Ысык-Көл шайлоо округунан Айжигит Тыналиев жана N5 Ноокат шайлоо округунан Бакытбек Марипов ант беришти. 

Антты парламентке Адахан Мадумаровдун ордуна келген «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Аккула Бердиев, «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Арсланбек Эгембердиев, Мейкинбек Абдалиевдин ордуна келген Арсланбек Эгембердиев жана «Ыйман Нуру» фракциясынан депутат Эрнис Айдаралиев да беришти. Айдаралиевди БШК мандатын өз эрки менен тапшырган Нуржигит Кадырбековдун ордуна шайлаган.

09:47, 03-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар