Бишкекте "Евразия-Кинофест жаңырыгы" кинофоруму башталды
Бишкекте "Евразия-Кинофест жаңырыгы" кинофоруму башталды, ага Россиянын алдыңкы кино чеберлери ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү жана “Евразия Кыргызстан” автономиялуу бейөкмөт уюмунун жетекчиси Кымбат Урумкулова катышты.
Форумда Кыргызстандын актерлору Россиянын алдыңкы адситеринин мастер-класстарына катыша алышат. Бул форумдун жүрүшүндө “Евразия-Кинофест" фестивалынын мыкты тасмалары да көрсөтүлөт.
Кинофорум "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен уюштурулган.
Бул форум 2024-жылдын 17-21-октябрь аралыгында Москвада биринчи эл аралык “Евразия-Кинофест” кинофестивалы өткөн. Анда “Евразия-Кинофест” 15 миңден ашуун көрөрманды чогулткан.
Мындан сырткары, ага Евразия өлкөлөрүнөн жана башка өлкөлөрдөн келген 250дөн ашык кинорежиссерлор чогулуп, беш күн бою өз иштерин көрсөтүшкөн.
Кийинки кинофорумдар Арменияда жана Беларуссияда өтөт, ал эми чоң “Кинофест-Евразия” Сочиде өтөөрүн “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюмунун маданияттар аралык программалар жана эл аралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Матвейчук Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирген.