Кыргызстан глобалдык терроризм индексинде 100-орунду ээледи
Кыргызстан глобалдык терроризм индексинде 100-орунду ээлеп, террордук чабуулдар боюнча эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди. Жыйынтыктарды Экономика жана тынчтык институту жарыялады.
Global Terrorism Index (GTI) – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү жана аймактарындагы терроризмдин деңгээлин баалаган жылдык отчет. Индекс Экономика жана тынчтык институту тарабынан иштелип чыккан жана террордук чабуулдардын саны, курман болгондор, жаракат алгандар жана терроризмден келген экономикалык зыян сыяктуу ар кандай көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.
Индекс терроризм коркунучунун динамикасын жана анын коомдордун коопсуздугуна жана туруктуулугуна тийгизген таасирин түшүнүүгө жардам берет.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандан тышкары Казакстан жана Түркмөнстан (100-орун жана нөл упай) терроризмдин таасири эң төмөн өлкөлөр деп табылды. Өзбекстан 90 (0,233 упай), Тажикстан 70 (0,999 упай) орунду ээледи.
Рейтингде 16-орунга ээ болгон Россия терроризмдин таасири жогору өлкө катарына кирди. Беларусь менен Азербайжан 90-орунда, Армения 79-орунда.
Рейтингдин алдыңкы сабын террордук активдүүлүк жана коркунуч эң жогору болгон өлкөлөр ээлейт. Эксперттер бул жагынан эң кооптуу деп Буркина-Фасо, Пакистан жана Сирияны аташкан.