Бишкек – Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды
Бишкек – Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Министрлик билдиргендей, саат 14:00до Төө-Ашуудагы жол тыгын жоюлуп, “Сосновка” жана “Арал” постторунда жеңил унаалар өткөрүлө баштады. Унаалар беш-бештен өткөрүлүүдө.
Ошол эле учурда жүк ташуучу унаалар үчүн жол жабык бойдон калууда.