Педагогикалык адистиктерге ЖРТнын босого баллы 130га жогорулатылат

Педагогикалык адистиктерге ЖРТнын босого баллы 130га жогорулатылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, талап 2025-2026-окуу жылында кабыл алына турган абитуриенттерге тиешелүү болот.

"Мурда ЖРТдан 90 балл алган абитуриенттер деле педагогикалык окуу жайга өтүп келген. Быйыл бул адистиктерге босого баллды 130 кылабыз. Андан сырткары, сертификациялоо системасы дагы кирип, калкка кызмат көрсөткөн медиктер менен педагогдор окуу жайды бүтүп жатканда өтүшөт", — деди министр.

Учурда ЖОЖго кабыл алуунун босого баллы — 110, предметтик тесттердики 60 балл. Бирок педагогика, укук коргоо жана медицина адистиги боюнча бюджетке өтүү үчүн 120 балл минималдуу болуп саналат.

17:23, 11-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар