Бишкекте чет элдик жарандан 362 миң доллар жасалма акча алынды

Бишкекте чет элдик жарандан 362 миң доллар жасалма акча алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир нече киши жасалма акчага криптовалюта сатып алууга камынып жатканы кабарланган. Иш козголуп, шектүү катары чет өлкөлүк 24 жаштагы С.И. аттуу жаран кармалганы айтылды.

"Шек жаратып кармалган жарандан 362 миң 900 доллар жасалма акча каражаты табылып, алынган. Аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси барларды аныктоо жана кармоо иштери боюнча аракеттер уланып жатканы кошумчаланды.

17:33, 10-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар