Баатыр энелердин пенсиясына 5000 сомдон кошулушу мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясына 5000 сомдон кошулушу мүмкүн. Бул боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, министрлер кабинетине жөнөттү.


Долбоорду депутат Камила Талиева иштеп чыккан. Анын айтымында, учурда жети жана андан көп баласы бар энелер пенсияга чыкканда кошумча 1000 сом гана сый акы берилет.


"Мындай норма 2011-жылы кабыл алынган экен. Андан бери инфиляция болуп, акчанын куну кетти. 1000 сом эч нерсеге жарабай калды. Ошондуктан өкмөткө пенсиянын үстүнө 5000 сомдон кошуп берүүнү сунуштап жатабыз. Алар бюджетке карап чечим чыгарып беришет", — деди Талиева.


Ошондой эле ал Кыргызстанда баатыр эне статусуна ээ 121 аял бар экенин белгиледи.

11:39, 07-03-2024

Комментарийлер

Эльза
Менин 9балам бар мага да кошулабы мен баатыр энемин
Сайкал
Менин алты балам бар пенсионермин бизге деле кошулбайбы

Башка жаңылыктар