Банк "Кыргызстан" толугу менен "Mbank" болуп өзгөртүлдү

2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Коммерческий банк "КЫРГЫЗСТАН" ААКсынын лицензияларын алмаштырды. Бул өзгөртүү банктын расмий аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу болду. Жаңы аталыштар төмөнкүдөй:

Мамлекеттик тилдеги толук аталышы: "Мбанк" ачык акционердик коому»;

Мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы: "Мбанк" ААК;

Расмий тилдеги толук аталышы: Ачык акционердик коом “Мбанк”;

Расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ААК “Мбанк”;

Англис тилиндеги толук аталышы: “"Mbank" Open joint-stock company”;

Англис тилиндеги кыскартылган аталышы: “"Mbank" OJSC”.

Бул өзгөртүү банктын ребрендинг жана санариптик трансформация процесстеринин алкагында жүргүзүлдү.

13:15, 06-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар