Рим папасы 88 жашында каза болду
Рим папасы 88 жашында каза болду. Ал 50 жылдан ашык өмүрүн чиркөөгө арнаган.
Франциск ( Хорхе Марио Бергольо) 2013-жылдын мартында Рим папасы болуп шайланган. Ал ден соолугуна байланыштуу тактыдан баш тарткан Бенедикт XVIнын ордуна келген. Ал тарыхта Жаңы Дүйнөнүн биринчи папасы жана бул кызматты ээлеген биринчи иезуит болуп калды.
Хорхе Марио Бергольо 1936-жылы 17-декабрда Буэнос-Айресте темир жолчунун үй-бүлөсүндө туулган. Химик-техник деген диплом алгандан кийин семинарияга тапшырган.
1963-жылы философия жана 1970-жылы теология боюнча лицензия алган. 1969-жылы декабрда Бергольо дин кызматчы болуп дайындалган жана Аргентинанын иезуит диний орденинде ар кандай кызматтарды ээлеген.
2001-жылы февраль айында Рим папасы Иоанн Павел II Бергольону кардиналга көтөргөн.