АКШда катуу суу ташкынынан жана торнадодон кеминде 23 адам каза болду

АКШнын Орто-Батыш жана Түштүк аймактарында катуу суу ташкынынан жана торнадодон кеминде 23 адам каза болду. Бул тууралу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өлкөнүн он штатында 90дон ашык торнадо катталган. Анын кесепетинен 6 миңден ашык каттамдар кармалып, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Каза болгондордун көбү Теннесси штатында. Алардын ичинде жашы жете элек балдар да бар.

Эске салсак, сел 2-апрелде башталган нөшөрлүү жаандан улам келип чыккан. Кентукки штатындагы Луисвилл шаарынын мэри Крейг Гринберг суу каптоо шаардын тарыхындагы эң жаман окуялардын бири экенин белгилеген.

 

13:18, 08-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар