Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазаревдин атаандаштары аныкталды

Парижде өтүп жаткан Олимпиадада 9-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазаревдин алгачкы атаандаштары аныкталды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта күч сынаша турган Айсулуу Тыныбекова биринчи беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшөт.

22 жаштагы Эстер Омолайо Колаволе Африканын чемпиону (2020, 2024), Африка оюндарынын алтын медалынын ээси (2023).

Эркин күрөш боюнча 125 кг салмакта мелдешке чыга турган кыргызстандык балбан Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен беттешет.

Амир Хоссейн Заре Токио-2020 Олимпиадасынын коло байге ээси, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2021, 2023), Азия оюндарынын чемпиону, Азия чемпиону.

19:15, 08-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар