“Балдардын камераларга түшкөн видеолору бар”. Бишкекте жоголгон бир туугандарды издөө иштери жүрүп жатат
Бишкекте эки күндөн бери дайынсыз жоголгон үч бир туугандарды издөө иштери уланууда.
“Азыркы учурда издөө үчүн баардык аракеттер уланып жатат. Балдардын камераларга түшкөн видеолору бар. Ошол багытта күнү-түнү издөө иштери жүрүп жатат. Иштин жүрүшү менен кошумча маалымат берилет”,-деп билдирди Ленин райондук милициясынан “Алдаба не Ври” редакциясына.