«Альянс Алтын» балбандарга унаа жана акчалай сыйлыктарды тапшырды
«Альянс Алтын» компаниясы өнөктөштөрү менен биргеликте бир нече кыргызстандык балбанга унаа жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Былтыр күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алдында «Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов спортчуларга жолугуп бир жылдык витаминдер жана спорттук кийимдерди тапшырган. Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнө чемпионатында алдыңкы орун алышса, унаа белек кыларын убадалаган. 2023-жылдын сентябрь айындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш тагынган. Жакында эле эки спортчу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байге утуп алышты.
22-апрелде "Альянс Алтын" компаниясы өнөктөштөрү "Аджи Сервис" ЖЧКсы, "Кыргыз Логистик Сервис" ЖЧКсы, "ААЕngeneering" компаниясынын КРдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына убадаланган унааларды тапшырды. Шаршенбеков кара түстөгү, ал эми Медет кызы өңү ак Toyota Camry унаасын белекке алды.
Ошондой эле дагы сегиз спортчуга — Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбековго 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.
"Спорттун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуу биз үчүн чоң кубаныч жана сыймык. Биздин чемпиондордун спорттук жеңиштери-бул дүйнө жүзүнө Кыргызстан, анын эли, биз баарыбыз жакшы нерселерге, жеңиштерге, жетишкендиктерге умтулганыбыз жөнүндө айтып берүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү", - деди "Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов.
"Альянс Алтын" компаниясы КРнын Улуттук Олимпиада комитети менен өлкөбүздүн спортчуларын колдоо багытында тыгыз иштешип келет. Комитетке каржылык жактан колдоо көрсөтүү максатында акыркы үч жылда 6 (алты) миллион сом которгон. Андан тышкары компания Талас облусундагы көптөгөн спорттук иш-чараларга демөөрчүлүгүн көрсөтүп келүүдө.