Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге коомчулуктун ишеними жогорулады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге болгон ишенимдин деңгээли акыркы сегиз айда жогорулады. Муну Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосунун маалыматтары тастыктап турат.
2024-жылдын январь айында жүргүзүлгөн сурамжылоо респонденттердин 37 пайызы Садыр Жапаровго көбүрөөк ишенерин көрсөткөн. Дагы 22 пайызы Камчыбек Ташиевге, 12 пайызы Нуржигит Кадырбековго. Калган добуштар башка 17 саясатчыга, анын ичинде эки аял – Эльвира Сурабалдиева менен Роза Отунбаевага жана орус лидери Владимир Путинге бөлүштүрүлдү.
.
2022-жылдын сентябрында мамлекет башчыга респонденттердин 38 пайызы ишенсе, 2023-жылдын май айында ишеним 35 пайызга чейин төмөндөгөн. Ошондон бери президент рейтингин бир аз көтөрдү.
Камчыбек Ташиевдин рейтинги азыр эки жыл мурункуга караганда жогору. 2022-жылдын сентябрында ага респонденттердин 18 пайызы ишенсе, өткөн жылдын май айында – 14 пайызы, азыр – 22 пайызы.
Бардык саясатчыларга ишенбөөчүлүк да кескин өстү. Эгерде 2023-жылдын май айында респонденттердин 8 пайызы гана эч кимге ишенбейм деп жооп берсе, 2024-жылдын январында алардын саны 12 пайызга өсүп, 20 пайызды түзгөн.