Депутат “Яндекс такси” ишканасынын баа саясатын текшерүүнү өтүндү (видео)
Бүгүн, 26-октябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов социалдык тармактарда “Яндекс Таксиге” карата нааразычылыктар көп экенин билдирди.
Анын айтымында, шаардыктар тыгын убактысында жол кире 500-700 сом болуп жатканын айтып нааразы.
“Айдоочуларга төлөмдү азайтыш керек дегенден алысмын, анткени алар бензин куюшат, дөңгөлөктөрүн алмаштырышат, унаасын оңдошот, бирок “Яндекс Таксинин” бул аракеттерине кош көңүл кароого болбойт, анткени компания түшкөн каражаттын бир бөлүгүн алат. Алар жок дегенде шашылыш убакта мындай кылбашы керек ",-деди Сарыбашов.
Ал тиешелүү органдарга “Яндекс такси” ишканасынын баа саясатын текшерүүнү тапшырууну өтүндү.
Депутат мэрия тарабынан иштелип чыккан муниципалдык таксиге өтүү зарыл деп эсептейт