Бишкекте эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы баланын сөөгү табылды

 Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү 15-январь күнү, саат 15:57де  ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан конуштагы арыктан табылып, баланын жакындарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой, 14-январь күнү   Бишкектин  Биринчи Май районуна караштуу  Мурас-Ордо конушунда  2018-жылы туулган А.А. аттуу бала  дайынсыз жоголгон.

Аны издөөгө бүгүн  ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан жана райондук ӨК бөлүмүнөн жалпы 17 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келген.

17:58, 15-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар