Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда унааларды ташып бараткан унаа күйүп кетти

Бүгүн, 10-январда Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда Тоң районунда унааларды ташып бараткан унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Унаа болжол менен саат 11:02де күйүп, 12:14тө толук өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда анын келип чыгуу себептери такталууда.

15:06, 10-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар