Сасык тумоо күчөп, Бишкектин эки ооруканасында кошумча орундар даярдалды
Курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун жайылышына байланыштуу Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кошумча 300 орундуу сегиз бөлүм ишке киргизилди. Ал эми Тез медициналык жардам көрсөтүү боюнча шаардык балдар клиникалык ооруканасында 50 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
11-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов медициналык жайлардын даярдыгын текшерип, кабыл алуу бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүүнү, бейтаптарды өз убагында кароодон өткөрүүнү жана медициналык көрсөтмөлөргө ылайык ооруканага жаткырууну камсыз кылууну тапшырды.
Мындан тышкары дары-дармектин жана медициналык буюмдардын жетиштүү корун камдап турууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Стационардык медициналык мекемелердин, тез медициналык жардам кызматынын жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн уюмдардын ортосундагы координацияны күчөтүү, жүктөм көбөйгөн учурда кошумча чараларды ыкчам кабыл алуу милдети коюлду.
Саламаттык сактоо министрлиги өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен 10 миң 900 бейтап катталганын билдирген. Бул көрсөткүч мурдагы аптага салыштырганда 4,4%, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 1,6 эсе жогору деп бааланган. Ооругандардын 71% 14 жашка чейинки курактагы балдар.
“Респиратордук вирустардын айлануусу байкалууда. Алардын арасында риновирустар басымдуулук кылат – 47,3%, парагрипп вирустары – 22,2%, аденовирустар – 13,3%, сезондук коронавирус – 9,9%, бокавирустар – 5,8% жана башка вирустар – 1,5%”, - деп жазылган маалыматта.