Эми "Балага сүйүнчү" жөлөк пулуна "Түндүк" аркылуу арыз берүүгө болот

Кыргызстанда ата-энелер "Балага сүйүнчү" мамлекеттик жөлөк пулун алуу үчүн эми "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн арыз бере алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, электрондук кызмат бала төрөлгөнү Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында катталгандан кийин жеткиликтүү болот.

Жаңы кызмат жөлөк пулду тариздөө жол-жобосун жеңилдетип, ата-энелерге калкты тейлөө борборлоруна барбастан арыз берүүгө шарт түзөт.

Ошол эле учурда жөлөк пулду калкты тейлөө борборлору аркылуу салттуу тартипте тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталат.

 

11:57, 14-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар