Мамлекеттик кызматкерлер ден соолугун арзан баада текшерте алышат

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн профилактикалык медициналык кароодон өтүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, текшерүүнүн шарты менен таанышканын ведомстводон кабарлашты.

Долбоор өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.

Максаты -- өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана тобокелдик факторлорун эрте аныктоо. Пилоттук долбоор Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин уланат. Кароо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүп, тандалган пакетине жараша баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин турат.

Базалык, терапиялык, ошондой эле эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө курактык топторго ылайыкталган топтомдор каралган. Жыйынтыгында үй-бүлөлүк дарыгер адамдын абалын аныктап, мындан аркы көзөмөл боюнча сунуш берет.

№6 ҮМБнын каттоо бөлүмүнө кайрылып, алдын ала түзүлгөн график аркылуу текшерүүдөн өтүүгө болот. Долбоор аяктагандан кийин жыйынтыктар анализденип, келечекте бул тажрыйбаны жалпы өлкө боюнча жайылтуу каралат.

10:54, 19-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар