Илим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды
Илим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды
Улуттук телерадио корпорациясынын мурдагы директору, Илим Карыпбеков Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганын билдирди.
Ал бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчаларына видео кайрылуусун жарыялап, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Орусиядагы Эльбрус чокусуна чыгуу үчүн Кыргызстандан атайын топ даярдап алып барууну максат кылган. Бирок ага бул өлкөгө кирүүгө уруксат бар-жогун билүү үчүн өзү биринчи барган.
Аны Москвада чек арадан “кошумча текшерүү” деген негизде 1,5-2 саат текшерип, коё берген.
Москвада 2-3 күн жүрүп, кайра 25-апрелде Кыргызстанга кайткан учурда чек арадан аны кайрадан 3-4 саат суракка алып, ага Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынганы тууралуу билдирмени колуна карматкан.