УКМКнын мурдагы 22 кызматкери кармалган
УКМКнын мурдагы 22 кызматкери кармалган
Ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин түрдүү кылмыштарга шектелип кармалган мурдагы кызматкерлеринин саны 22ни түзүүдө. Бул тууралуу парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 12-майдагы отурумунда УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.
Маалым болгондой, алардын айрымдары тергөө абагында, кээ бирлери үй камагына алынган.
Эрбаев коопсуздук кызматын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иши уланып жатканын кошумчалады.